Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Сургут шаарындагы ички иштер башкармалыгына окуянын чоо-жайын, Кыргызстандык атуулдун бул окуяга канчалык тиешеси бар экендигин тактап маалымат берүү боюнча сурамжылоо жөнөтүлдү. Орусиянын айрым массалык маалымат каражаттары Сургут шаарында көчө шыпыргыч болуп иштеп жүргөн Кыргызстандын жараны 21-мартта өзү менен чогуу иштешкен молдованын атуулу жана Башкыртостандык жигит менен ичкилик ичип отурушуп чатакташып кетип, тиги экөөнү бычактап өлтүргөнү жөнүндө жазып чыгышты. Маалыматка караганда 34 жаштагы Кыргызстандык атуулга Ханты-Мансийск автоном округунун прокуратурасы Орусиянын Кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, сот камакка алуу чечимин чыгарган. (AJ)