Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Президенттик шайлоо учурунда журналисттерге кысым күчөшү ыктымал


Мындай пикирин “Журналисттин коопсуздугун кантип камсыз кылуу керек?” деген тегерек үстөлдө Бишкек пресс-клубунун башкы редактору Радислав Сафин билдирди. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев өлкөдө коомдук-саясий абалдын курчушу менен журналисттерге кол салуулар көбөйгөнүн, ушул жылдын эки айында эле эки журналист ур-токмокко алынганын белгиледи. Анын айтымында, 2005-жылы 14, 2006-12, 2007-19, 2008-5 окуя катталган. “Мындай учурлар катталгандан көп, бирок журналисттер көп учурда ачыкка чыгарбай коюуну туура көрүшөт. Анткени алар өз коопсуздугун ойлошот же күнөөлүү табылып, жазаланышына ишенишпейт”, - дейт Марат Токоев. Ал эми чет элдик маалымат агенттиктин биринде иштеген Лейла Саралаева Кыргызстанда чет элдик массалык маалымат каражатарында иштеген журналисттердин укугу корголбой тургандыгын белгиледи. Тегерек үстөлгө катышкан айрым журналисттер алардын укугун коргоо жана статусун өзгөчө белгилеген атайын мыйзамдын зарылдыгын, ушундай шартта биргелешип иштөө сунуштарын айтышты. Ал эми "Комсолская Правда-Кыргызстан" гезитинин башкы редактору Азамат Тынаев жеке эле журналисттер эмес, ал турсун милиция кызматкерлери да коргоого муктаж экенин белгиледи. "Журналистикага бараткан адам бул кесиптин кооптулугун түшүнүп, өзү да жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл", - деди А.Тынаев. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG