Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Түркиянын президенти Гүл Ирактагы күрт лидерлери менен сүйлөштү


Шейшембиде Абдулла Гүл Багдадда Күрт автономиялуу чөлкөмүнүн регионалдык премьери Нехирван Барзани менен кездешти. Түрк мамлекет башчысы Ирак аймагынан Түркияга чабуул коюп келген күрт козголоңчуларына каршы чара көрүүгө үндөдү. Барзани Ирактын түндүгү Түркияга кол салуу үчүн пайдаланылбайт деп ишендирди. Түркиянын президенти Иракка акыркы жолу мындан 33 жыл мурун барган. Гүл ошондой эле Ирактын күрт аймагынын өкмөт жетекчиси менен жолугушкан алгачкы түркиялык мамлекет башчы болуп калды. Түркия менен Ирак ири соода шериктери.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG