Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

НАТО Ооганстандагы аскерий операциясына баа бере албайт


НАТОнун Ооганстандагы аскерий операциясынын натыйжалуулугуна баа берүү үчүн так критерий жок. Бул тууралуу альянстын куралдуу күчтөрүнүн Европадагы кол башчысы, АКШ армиясынын генералы Жон Крэддок Сенатта билдирди. Анын айтымында, бир катар өлкөлөр Ооганстанга кошумча аскер жибере алышат, бирок саясий жүйөөдөн улам антпей жатышат. Президент Обама жакында АКШ Ооганстандагы урушту жеңүүдө деп айтууга эртелик кылаарын белгилеп, ал өлкөдөгү стратегия кайра каралып чыгаарын маалымдаган. Стратегия жума күнү шардана кылынат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG