Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубат Байболов 20-мартта үй-бүлөсү менен АКШга кетип жатканын айтып коштошуп кеткен, деп билдирди “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев. Анын айтымында, өткөн жылы Байболовго бийлик тарабынан кысым болуп, үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн саясаттан кетүүгө аргасыз болгон. Ал ошондой эле Байболов үй-бүлөсүн АКШга жайгаштыргандан кийин алдыдагы иш пландарын билдирерин кошумчалады. (AJ)