Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

ИИМ: Митингде эч кандай курал колдонулбайт


Ички иштер министринин орун басары Талант Исаев 27-мартка белгиленген оппозициянын акциясында курал-жарак жана кошумча күч колдонулбай тургандыгын бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. “Эртең ИИМ кызматкерлери адаттагыдай режимде иштейбиз. Биздин негизги максат митингди уюштуруп жаткандардын да жана ага катышкан элдин да коопсуздугун камсыз кылуу. Бирок ошого уюштуруучлар өздөрү да милдеттенме алышы керек”, - дейт Т.Исаев. Анын айтымында, эл арасында 24-марттагыдай талап-тоноонун болушуна жол берилбейт. “Митингди криминалдык элементтер өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн. Тартип бузган же мастарга чара колдонулат”, - дейт Т.Исаев. Ал ошондой эле эгер тартип чектен ашса дубинка, резина палка, газ пайдаланылып жана кайгул күзөт полкунун кызматкерлери ишке киргизиле турганын маалымдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG