Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

БЭКтин Баткендеги штаб башчысынын автоунаасы камакка алынды


Мындай маалыматты БЭКтин Баткен облустук штаб башчысы Бакир Имаров «Азаттыкка» билдирди. Ал бүгүн эртең менен Баткен аба майданына Бишкек-Баткен каттамы менен келген БЭКтин өкүлү, “Ата Мекен” партиясынын Баткен облусу боюнча координатору Ташболот Балтабаевди тосуп алганы барган учурда МАИ кызматкерлери автоунааны токтотуп, айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү өтүп кеткен деген күнөө менен автоунаасын камакка алышкан. Ошондой эле милиция Ташболот Балтабаев менен Бакир Имаровду райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышып, бир аз убакыттан соң кайра кое беришкен. Бакир Имаров ошондой эле жергиликтүү бийлик 27-мартка белгиленген нараазылык акциясын өткөрүү үчүн көп эл батпай турган жабык имарат сунуштаганын, ачык асман алдында өткөрүүгө уруксат бербей тоскоолдук кылып жатканын кошумчалады. (JsA)

XS
SM
MD
LG