Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Кургак учукка чалдыккандардын саны боюнча Кыргызстан экинчи орунда


Кургак учук менен ооругандардын саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан экинчи орунда турарын Саламаттыкты сактоо министрлигинин уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Динара Сагынбаева бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюумунун изилдөөсүндө өлкөдө кургак учук менен ооругандардын деңгээли 10 эсеге көбөйүп кеткен. “Акыркы жылдары ушул дарт менен ооругандардын саны кыскарганы менен, анын айынан каза болгондор да бар. Кургак учукту дарылоого дары-дармектер жетишпейт”, - дейт Д. Сагынбаева. Ал ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрлардын жетишпестигин, дарыгерлердин арасында башка жакка иш издеп кеткен учурлары дагы да көп кездешип жаткынын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG