Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

“Журналисттер” бирикмеси калемдештерин тилектештикке чакырды


Кыргызстанда бир айдын ичинде журналисттерге үч жолу кол салууга медиа уюмдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирет, деди “Журналисттер” бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, журналисттик кесип коомдук маанидеги кесип. Эгерде алар өз жандарынан коркуп кандайдыр бир фактыларды көз жаздымда калтырып, жалган маалымат бере турган болсо бүт коом жабыркайт. “Эгерде журналисттер бирдиктүү күч болбосок бизге бийлик эч качан көңүл бурбайт. Ошондуктан мен журналисттерди тилектештикке чакырат элем. Ар бир журналист өзүнүн коопсуздугу үчүн ойлонушу керек. Бийликтин жана коомчулуктун пикирин бул маселеге буруу үчүн ар кандай акцияларды өткөрүшүбүз керек”,-деди Токоев. 3-мартта “Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди, 25-мартта “Московской Комсомолец” гезитинин башкы редактору Улукбек Бабакулов менен журналист Елена Агееваны белгисиз адамдар сабап кетишкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG