Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Оппозициянын жыйындары Жалалабаддын үч районунда өтүүдө


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда Кочкор –Ата шаарчасындагы нааразылык акциясына жетимиштей киши катышууда. Мурда белгиленген Маданият үйүндө электр жарыгы жок болгондугуна байланыштуу жыйын имараттын жанында башталып, аны “Ата-Мекен” партиясынын жергиликтүү координаторлорунун бири Канат Эрбаев ачты. Ал сөзүндө 2005-жылдан бери саясий, социалдык-экономикалык абал оңолбогондугун белгилеп, президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетүүго чакырды. Жалал-Абад облусу боюнча партиянын теңтөрагасы Советаалы Сейитбеков акцияга негизинен Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Ноокен аймагынан келген кишилер катышып жаткандыгын белгилеп, элдин көпчүлүгү бийликтин алдын ала жасаган тоскоолдуктарынын натыйжасында катыша албай жатат деп билдирди. Кабарчынын билдиргенине караганда жыйынды Ноокен районунун акими баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тартип коргоо кызматтары акмалап турушат.
Партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин “Азаттыктын” кабарчысына Базар-Коргондо бийлик уюштурган беш-алты автоунаа чагымчыл аялдардын тобу келди, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да акмалап турушат деп билдирди. Мындай маалыматты бийлик азыр тастыктай элек. Учурда акциялар Базар-Коргон, Сузак райондорунун бирден айылдарында өтүп жаткандыгы маалымдалууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG