Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Таласта "Ата Мекендин” штабында акция башталды


“Азаттыктын” кабарчысы Улан Эсенгелдинин маалымдашынча, жыйынга беш жүздөй адам катышууда. Алар “Бакиев кетсин”, “Мыйзамдуулук, таза бийлик” деген жазууларды кармап турушат. Элдер чыгып сүйлөп, азыркы бийликтин аракеттерин сынга алышууда. Нааразылык акциянын катышуучулары облус жетекчисин жыйынга катышуусун талап кылышты, бирок губернатордун маалымат катчысы атайын чакыруу жөнөтүлбөгөнүн, ошон үчүн губернатор келбей турганын айтты. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG