Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Таластагы митингде айыл-кыштактарда да БЭКтин бөлүмдөрүн ачуу чечими кабыл алынды


БЭКтин аймактагы өкүлдөрү бүгүнкү митингге бир катар кыйынчыылктар менен жетишкенин айтууда. Маселен, «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрүнүн 2 автоунаасы 23-24 март күндөрү жергиликтүү МАИ кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган. Андан кийин жергиликтүү таксисттерди нааразычылык митингдерге элди ташыбайсыңар, акцияга чакыруу баракчаларды таратпайсыңар деген коркутуулар ошол эле МАИ кызматкерлери тарабынан болгонун айдоочулар «Азаттыкка» айтышкан. МАИ кызматкерлери мындай маалыматты четке кагышууда. Ошентип кече күнү дагы «Ата Мекен» партиясынын бир жактоочусу, «Ачык саясат» гезитинин дубандагы кабарчысы Данил Акжоловдун үйүнүн дарбазасын белгисиз адамдар өрттөп кетишти. Бул саясий коркутуу дейт Данил Акжолов. Талас шаарында «Ата Мекен» партиясынын штабында байкоочулардын баамында, 500дөй адам чогулуп өткөрүлгөн бүгүнкү нааразычылык акцияга ушундай кыйынчылыктар менен жеттик дейт опозициячылар. Бул акцияда жалпы республикалык деңгээлдеги энергетика кризиси, үй-бүлөлүк башкаруудан арылуу, бийликтеги коррупция деген сөздөрдөн тышкары аймактагы алтын кендердин тегерегиндеги чатактар жана төөбурчактын баасынын төмөндөшүн катышуучулар кыйкырык менен айтып жатышты. Акциянын соңунда Бириккен элдик кыймылдын бөлүмдөрүн район, айылдарда да түзүү керек деген резолюция кабыл алынды. (UA)

XS
SM
MD
LG