Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Нарын шаарындагы митингде бийликке 6 талап коюлду


Бириккен элдик кыймылдын Нарын шаарындагы тынчтык митинги шаардын чыгыш тарабындагы «Нарын-70» паркында болуп өттү. Митингке жалпысынан 300дүн айланасындагы адам күбө болушту. Нарын шаарындагы педагогикалык, кесипчилик окуу жайлардын бир катар окуучуларын өз ысымын айтуудан баш тарткан адам «бул жерге эмнеге келдиңер» деп кетирип жиберди. Жергиликтүү бийликтен жетекчилер катышышкан жок. Митингдин катышуучулары “Ата Мекен”, “Ак шумкар” жана КСДП партиялардын желектерин жана «Бакиевсиз шайлоо», «саясый куугунтукка жол жок», «Нарын жолу каралсын», «Үй-бүлөлүк, криминалдык бийликке жол жок», «Таза, адилет шайлоону талап кылабыз» деген чакырыктарды көтөрүп турушту. Митинг соңунда алты бөлүктөн турган резолюция кабыл алынды. «Жалпы Кыргызстандагы айыл-кыштактарга «Азаттык» жана башка көз карандысыз маалымат каражаттарын эфирден үзгүлтүксүз берилүүсүн талап кылабыз»,-деп айтылды резолюциянын алтынчы бөлүмүндө. (KUs)

XS
SM
MD
LG