Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Жаңы мечит курууга Бишкекте марафон өтүүдө


Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп жаткан марафонго расмий бийлик, мусулман жамаатынан тышкары өлкө аймагынан келишкен жарандар, ишкерлер, дыйкан чарбаларынын өкүлдөрү, карапайым калк келишип, каражаттарын кошууда. Президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн атынан 100 миң сомду президенттин администрациясынын башчысы Данияр Үсөнов атайын коюлган кутуга салды. Д.Үсөнов өзүнүн атынан 50 миң сом, муфтий Мураталы ажы Жуманов 20 миң сом салды. Марафонго премьер-министр Игорь Чудинов дагы келип кутуга конверт салды. Жаңы мечитти курууга Ысык-көл кинотеатрынын жанындагы Гоголь-Жибек жолу көчөсүнүн кесилишиндеги 3 гектардан ашык жер бериле турган болду. Бул боюнча президенттин өзү менен муфтий, шаардын мэри, курулуш жана архитектура башчысы жолугушуп макулдашкан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG