Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Ж.Жоробеков: Бийлик менен оппозиция сүйлөшүүгө баруусу зарыл


“Эрегишүүнүн аягы жакшылык менен бүтпөйт”,-деп билдирди саясат таануучу Жолборс Жоробеков. Анын айтымында, оппозиция менен бийлик сүйлөшүү жолу аркылуу бир ымалага келип, президенттик шайлоону тынч, демократиялык негизде өткөрүп алуусу керек. “Кечээ өлкө аймагында митингге чыккан элдин талабына дагы көңүл буруу зарыл”,-деди Жоробеков. 27-мартта Бишкек, Балыкчы, Каракол, Талас, Нарын, Токмок, Кочкор-Ата шаарларында, Аксы, Алай, Базар-Коргон, Сокулук, Жайыл, Москва райондорунда жүздөгөн адамдардын катышуусунда нааразылык акциясы өтүп, азыркы бийликтин саясатын катуу сынга алышып, бир катар талаптарды коюшту. (AJ)

XS
SM
MD
LG