Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

И.Исаковдун Алайдагы колдоочулары соттон оң чечим чыгаруусун күтөт


Учурда Алай районунун борбору Гүлчө айылында акимиаттын алдында экс-министр Исмаил Исаковду колдогон отузга чукул адам “Ак ийилет, бирок сынбайт”,-деген ураан көтөрүп турушат, деп билдирди “Азаттыка” Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Курманжан Сапарбаева. Анын айтымында, Исаковду колдоочулар эгерде сот оң чечим чыгарбаса чечкиндүү кадамдарга барышат. “Буга чейин И.Исаковду коргоо комитети Алай районунун жетекчилигине сот адилет чечим чыгарбаса жол тосуу жана башка саясий акцияларды өткөрүүгө бара тургандыктары жөнүндө кайрылуу жолдошкон”,-дейт Спарбаева. Бүгүн Бишкек гарнизондук аскер сотунда И.Исаковго байланыштуу сот жараяны жүрүп жатат. Ага коргоо министри болуп иштеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип айып тагылууда. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG