Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Өтүп бараткан жумада өлкөдө ыңкылап күнү белгиленип, президент жаңылануу багытын жарыялады. Оппозиция митинг өткөрүп, бийликке БШКнын жана жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарымын, күч структураларынын жетекчилеринин жарымын, УТРК жана ЭлТРдин Байкоочулар кеңешинин жарымын оппозиция сунушу менен дайындоо, шайлоого байкоочуларды чакыруу, саясий куугунтуктарды токтотуу жөнүндө талаптарды койду.

Президенттин “Жаңылануу багыты” жана реалдуулук

24-мартта Кыргызстан 2005-жыл 24-марттагы Элдик ыңкылап күнүн белгиледи. Ага байланыштуу расмий түрдөгү салтанаттуу жыйын Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Ыңкылап күнүнө карата президент Курманбек Бакиев өзүнүн “Жаңылануу багытын” жарыялады. Анда президент акыркы мезгилдерде бийлик тарабынан дээрлик оозго алынбай калган адам укуктарын сактоо, авторитаризмге жол бербөө, чыныгы көп партиялуулукту түзүү, башкаруу системасын реформалоо жөнүндө сөз кылды.

Ага реакция кылган оппозиция президентти реалдуулуктан алыстап кеткенин, Кыргызстандын чыныгы шартында авторитаризм, үй-бүлөлүк башкаруу, бир партиянын үстөмдүгү, адам укуктарын, сөз эркиндиктерин чектөө, бийликтин криминалдашуусу күч алып баратканын билдирди.

Президенттин сөзү оппозиция айткан тенденцияларды токтото алабы? Мамлекет башчысы реалдуу өзгөрүүлөрдү көздөйбү? Же бул
шайлоо алдындагы куру сөзбү?

Бир жагынан алганда 27-марттагы оппозиция акцияларынын катуу куугунтуксуз өткөнү, бийлик жаңылануу багытын баштаганы ыраспы дегендей ойду жаратат.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова жаңылануу багытын реалдуулукка айлантуу үчүн башка маанилүү чечимдер керек деп эсептейт:

- Башы качып кетип, куйруктары калган ушул Борбордук шайлоо комиссия, аябай мыйзам бузуулар менен болгон парламенттик шайлоону өткөргөн, анын жыйынтыктарын ушул кезге чейин жарыялабай келген шайлоо комиссиясы кайра эле президенттик шайлоону өткөрүүгө киришип жатпайбы!.. Анан кандай ишеним болот? Менин пикиримде, саясий чечим кабыл алыныш керек. Ал чечим боюнча бийлик жок дегенде 20-30% элдин ишенимин алыш керек. Ал үчүн участкалык, округдук, Борбордук шайлоо комиссияларына эл, шайлоочулар ишенген адамдарды мүчө кылып киргизиш керек. Ал комиссиялар ачык-айкын түзүлүш керек. Шайлоону 23-июлга белгилеген парламенттин Конституцияга каршы келген чечими менен коюп койбостон, аны Конституцияда көрсөткөн мөөнөткө коюш керек. Анда так көрсөтүлгөн. Шайлоо октябрь айынын акыркы жекшембисинде болуш керек деп көрсөтүлгөн .Анан массалык-маалымат каражаттары аркылуу бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп бериш керек. Саясий куугунтуктарды токтотуу үчүн да саясий чечим керек.

Саясат таануучу Марс Сариев демократия жолуна түшүп, авторитаризмге жол бербеш үчүн оппозиция күчтүү болуш керек дейт:

- Оппозиция болбосо жаңылануу болбойт. Оппозиция канчалык күчтүү болсо, бийлик ошончо ылдамыраак жаңылануу жолуна түшөт. Бирок 27-январда президент өзүнүн кыскача программасын жарыялаган эле. Андан бери авторитардык стиль менен башкаруу, күч структуралары, өкмөттүк эмес уюмдарга каршы аракеттер күчөп жатканын көргөнбүз.Анан президент жаңы сөзүндө жаңы багыт деп жатат. Практикада болсо башкача болуп жатат. Ошон үчүн оппозиция канча күчтүү болсо, Кыргызстан демократияга жакыныраак болот.

Саясат таануучунун пикиринде, мындан ары саясий күрөш курчуу жолу менен жүрүп отурат. Ага жол бербеш үчүн 20-апрелге чейин оппозициянын талаптарына жооп болуш керек. Ал эми 27-марттагы акцияга киши салыштырмалуу аз чыкса да оппозициянын позициясы күчтөндү. Өз пикирин коркпой айткандар калың калк ичинде колдоо табат.

Оппозициянын митинги

Ошентип митинг демекчи, 27-мартта оппозиция нааразылык акциясын өткөрдү. Эң көп киши чогулган акция Бишкекте болуп, ага
митингди уюштуруучулардын маалыматы боюнча 4-5 миң киши, ал эми милициянын маалыматы боюнча 1300дөй киши чогулду. Оппозиция лидерлери митингде сөз сүйлөп, азыркы бийликтин кемчиликтери, келерки президенттик шайлоо тууралуу ойлорун ортого салышты.

Оппозиция лидерлеринин 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыгуу аракети митингчилердин колдоосуна ээ болду.

Митингде беш пункттан турган чечим кабыл алынды. Анда Борбордук, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарымын,күч структураларынын жетекчилеринин жарымын, УТРК жана ЭлТРдин Байкоочулар кеңешинин жарымын оппозиция сунушу менен дайындоо, шайлоого байкоочуларды чакыруу, саясий куугунтуктарды токтотуу талаптары коюлду.

Митингде сөз сүйлөгөн коопсуздук кенештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов ушуга эле үндөш, бирок башкачараак өңүттө айтылган үч талапты коюуну сунуштады:

-Биринчи талап, Борбордук шайлоо комиссиясы таратылыш керек. Анткени бул комиссия менен чындыкка жетүүгө болбойт. Экинчи талап, мынабу Жогорку Кеңеш элдин кызыкчылыгын эч качан коргобойт. Ал бир адамдын кызыкчылыгын коргой турган Жогорку Кеңеш. Ошондуктан ыплас жол менен келген бул Жогорку Кенешти да таратыш керек. Үчүнчү талап, коалициялык өкмөт түзүлүп, ага оппозициядан адамдар барыш керек.

Оппозиция өз талаптарын аткарууга 20-апрелге чейин убакыт берди. Алар аткарылбаса мөөнөтсүз акциялар, “Бакиевдерсиз шайлоо” талабы коюларын Исмаил Исаков билдирди:

-Бакиевдерсиз шайлоо, ага ишеним көрсөтпөө жана 20-апрелден тарта мөөнөтсүз акцияларды баштоо белгиленди.

Митинг алдында бийлик өкүлдөрү катуу тынчсызданып, ар кандай кокустуктарга толук даярданды. Митинг өткөн паркка жакын жерге милициянын ири күчтөрү, атайы багыттагы жоокерлери коюлду.Бийликке жакын адамдарда да тынчсыздануулар күчөп, алар өздөрүнүн штабтарын түзүп, карама-каршылыкка камданышты. Тилекке жараша митинг тынч мүнөздө аяктады.

Бирок оппозициянын мөөнөтсүз митингдери башталса кырдаал чыңалуу жолуна түшөт дейт саясат таануучу Марс Сариев.

Талапкер тандоо

Оппозиция митингди өткөргөндөн кийин эми президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер тандоого киришет. Буга чейинки жыйындарда алар бир талапкердин айланасында баш кошууну чечишкен. Эми ал талапкер ким болоору аныкталууга тийиш.

Бириккен Элдик Кыймылдын Саясий кеңешинин 12 мүчөсү бар. Алардын ичинен Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев эң оор
салмактагы, жетишерлик ресурстары бар саясатчылар. Тандоо экөөнүн айланасында жүрүшү толук ыктымал. Андан сырткары Бакыт Бешимов, Темир Сариев күчтүү, таанымал лидерлерден.

Ал эми көбүн канааттандыра турган Исмаил Исаков болсо соттолуп калуу коркунучуна байланыштуу аксап турат. Эгерде оппозиция ага токтолсо бийлик кандай болбосун Исаковду соттоону тездетип, аны жок дегенде шарттуу түрдө кесип коюушу ыктымал.

Саясат таануучу Марс Сариев да оппозиция мына ушул фигуралардын айланасында тандоо жүргүзөт деген пикирде:

- Менин оюмда кимдери чыгаары бар. Бирок мен эксперт катары айтып жиберсем, анан башка эксперттер айтып, баары бир талапкерге токтолуп калса, анда бийлик күчүнүн ошого каршы жумшашы ыктымал. Ошондуктан бир нече лидерлер болот. Алар биригип бир лидерди чыгарат. Бирок эки-үч талапкерди да кармап турушат. Ошон үчүн биринчи планга Бешимов, же Сариев чыгарылат. Анан аларды четтетилген болсо, анда Атамбаев менен Текебаев чыгат. Себеби кандай болгон күндө да биздеги оор салмактуулар Текебаев менен Атамбаев.

Бир жагынан оппозиция бийликтеги “Ак жол” партиясы өз талапкери менен аныкталса, андан кийин өз талапкерин ачыктоону күтүп тургандай. Анткени оппозиция өкүлдөрүнүн арасында азыркы президент Курманбек Бакиев шайлоого барбай калышы мүмкүн деген божомолдор бар. Эгерде Курманбек Бакиев чындап эле шайлоого барбай калса, анда кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрөт. “Ак жол” партиясы болсо курултайын апрель айынын онуна жакын мезгилдерге белгилеп жатат.

Кайрадан калкып чыккан база маселеси

27-мартта Москвада Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында Ооганстан боюнча конференция болду. Ага Кыргызстан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев да катышып жаткан. Мына ошол конференция өтүп жаткан күнү Манастагы АКШ базасы боюнча жаңы сөздөр чыгып, америкалык атын атагысы келбеген өкүл базаны калтыруу боюнча Бишкектен сунуш түшкөнүн билдирген.
Бишкек дароо аны төгүнгө чыгарды. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов:

-Азыркы учурда Манас аба базасы боюнча чечим кабыл алынган. Документтерди парламент кабыл алып, президент кол койгон. Андай чечим кабыл алынган жана ал боюнча позиция өзгөргөн жок.

Бирок кыргыз президенти 4-мартта Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Кыргызстан Ооганстан боюнча, анын ичинде Манас боюнча кызматташууларга даяр экенин, бирок АКШ тараптан эч кандай сунуш болбой жатканын билдирген.

Кыргызстан парламенти база боюнча АКШ менен келишимди 13-февралда жокко чыгарган. Ал боюнча август айынын соңуна карай Манастагы АКШ базасы чыгарылууга тийиш.

Кадырбек Сарбаевдин Москвага сапары учурунда орус тарап Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча 3-февралда кол коюлган кыргыз-орус келишими күчүнө киргенин маалымдаган. Ал келишим боюнча эки тарап биргелешкен ишкана түзүп, ага Москвага 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлөт.

Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарым-укуктуу элчиси Раимкул Аттокуров келишим күчүнө киргенден кийин жасала турган иштер
тууралуу буларды билдирди:

-Келишимдер ички мамлекеттик жол-жоболордон өткөрүлгөнү тууралуу бизге маалымат беришти. Эми Техника экономикалык негиздеме, анын алдындагы негиздеме иштер бар, мына ошолор түзүлүп жатат. Эми иштер башталат. Каражат бөлүнөт. Жабдуулар боюнча иштей баштайбыз.

Суу-энергетика тармагы боюнча өлкөдөгү таанымал адистердин бири, мурунку вмце-премьер-министр Базарбай Мамбетов Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесинин, анын алдындагы иштердин жасала электегин кемчилик катары баалап, буларга токтолду:

-Эмки кадам менен Россиянын РАО ЕЭС менен биздин Электр станция биргелешкен ишкана түзүш керек. Ошол биргелешкен ишканага Россиянын өкмөтү насыяны берет. Анан биргелешкен ишкана өзүнүн алдында органдарды түзүп, кимиси Камбар-Ата-1 ГЭСин долбоорлойт, кимиси курат, эмнени кайсы жерге “заказ” кылабыз деген маселелерди чече баштайт. Көп нерсени биргелешкен ишкананын алдындагы Башкаруучу компания чечиш керек. Биз ошолорду тездетишибиз керек.

Базарбай Мамбетов Камбар-Ата ГЭСинин курулушу эл аралык экологиялык экспертизадан өтүш керек деген Өзбекстандын талабы негизсиз экенин белгиледи:

- Алар туура эмес айтып жатат. Камбар-Ата ГЭСтин курулушу өзбектердин экологиясына зыян келтирбейт. Биринчиден, Камбар-Ата-1 ГЭСи Нарындын эң жогору жагында эң терең капчыгайда курулат. Экинчиден, Камбар-Ата-1 ГЭСинин суу сактагычында 4.65 миллиард куб метр суу болот. Ошол жердеги суу кышында Токтогул суу сактагычында сакталып, Токтогул ГЭСи жайында иштеп, жайында казактар менен өзбектерге сууну каалагандай эки эсе көп берилет эле, деген Базарбай Мамбетов, Камбар-Ата-1 ГЭСи кышында жетишпеген электр энергиясын иштеп чыгып, Токтогул ГЭСин алмаштыраарын, андан коңшу өлкөлөр пайда гана табаарын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG