Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери 27-марттан тартып Прага шаарында уюмдун болочок мүчөлөрү – Албания, Босния, Македония, Черногория, Сербия жана Хорватиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда уюмдун келечегин талкуулашты.

Өткөн аптада Германиянын канцлери Ангела Меркель уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга убактылуу тыныгуу жарыялоо сунушу менен чыккан эле.

Германиянын Канцлери Ангела Меркель 16-мартта жаңы мүчөлөрдү кабыл алуудан мурда Еврошаркет өзү ушул биримдигин чыңдап алууга муктаж деп билдирди. Бул жерде жалгыз Хорватия тууралуу гана сөз болгон жери жок, деди ал. Анткени аны менен сүйлөшүүлөр ушул жылдын соңунда аяктайт. Ошол эле күнү Канцлердин сөзү иш менен чыңдалып, Берлин Черногориянын Еврошаркетке кошулуусун кыйындаткан кадамдарга барды. Бул мамлекет өзүнүн уюмга мүчө болууга арызын өткөн жылдан этегинде берген болчу.

Ошол 16-мартта уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Брюсселде жолугуп, Черногориянын уюмга мүчөлүгүнүн даярдыгы тууралуу пикир алышмак. Германия бул ирет Черногориянын уюмга мүчө болушуна өзүнүн «жок» деген сөзүн айтты.

Бул эми Черногория эле эмес, биримдикке мүчө болууну көздөп аткан Чыгыш Европадагы башка мамлекеттерге да кыйынчылык жаратат окшоп калды окшойт. Уюмга июлга чейин Чехия президенттик кылууда, андан кийин бул милдетти Швеция аткарат.

Бирок мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана жетекчилеринин башын бириктирген Европа Кеңеши буга чейин Балкандагы башка мамлекеттерге уюмдун эшигин ачык бойдон калтырууну жактап келишкен болчу. Бул позицияны Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Ховьер Солана дагы бир ирет минтип бышыктады:

Дайымкы жазбаган принцип бар – Чыгыш Балкан мамлекеттери үчүн Еврошаркетке мүчө болуу келечеги күчүндө турат. Эч ким бул саясатты өзгөрткөн жок. Бул саясат Загребдеги (2000-жыл, ноябрь) бийик жолугушууда эле чечилген, аны эч ким өзгөртө элек, - деди Солана.

Ошентсе дагы Меркелдин билдирүүсү көз жаздымда калган жок. Анын Еврошаркеттин кеңейишин токтотуу тууралуу демилгеси канчалык олуттуу? Берлиндин саясаты өзгөрдүбү? Кандай болгон күндө да Меркелдин айткандары уюм үчүн аны дагы бир сын көз менен карап алууга түрткү болду дешет талдоочулар.

Берлинде жайгашкан Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча институттун Балкан өлкөлөрү боюнча адиси Солвейң Рихтер Канцлердин айткандары быйыл июнда Европарламентке, ал эми сентябрда Германияда боло турган федералдык шайлоолорго утурлай айтылган билдирүү болуп эсептелет.

- Азырынча канцлер Меркелдин шайлоону утурлай айткандары саясий өнөктүктөн кийин өз күчүндө калабы – маселе ушунда, Германия андан ары дагы ушундай бекем позциясын сактап калабы? Сактап калса Европанын башка мамлекеттери менен кеңешип, макулдашып алып турушабы? Же бул таасир бара-бара азайабы, - дейт Рихтер.

Айрым талдоочулар болсо Германиянын Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрү боюнча саясаты уюмга мүчөлөккү арызды Албания жана Сербия сыяктуу Балкандын башка мамлекеттери арыз бергенден кийин билинет деп жатышат.
XS
SM
MD
LG