Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:39

“Кылым шамы” 27-марттагы митингге катышкандардын жалпы санын жарыялады


27-мартта БЭК уюштурган нааразылык акциясына өлкө аймагы боюнча 16 миңден ашуун адам катышты, деп билдирди “Азаттыкка” “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова. Анын айтымында, аталган борбордун мүчөлөрү митинг өткөн жерлерде байкоо жүргүзүп, акцияга катышкан кишилердин санын тактаган. Алардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы төмөндөгүдөй: Жалал-Абад шаарындагы канаттуулар фабрикасында өткөн митингге 200 адам, Сузак районунун Сумкат айылында 100дөн ашуун, Сузактын борборунда 300дөй, Базар-Коргон районунун Акман айылында 200дөй, Кочкор-Атада 100дөн ашуун, Аксынын Кербен айылында 2500дөн ашуун, Жалал-абад облусунда жалпысынан 3 миң 400 адам катышкан.
Ош шаарында 100гө чукул, Кара-Кулжада 300дөн ашуун, Гүлчөдө 1 миңден ашуун адам катышкан. Ош облусу боюнча жалпысынан 1 миң 400 адам катышса, Баткен шаарында митинг болбой калган. Талас шаарында акцияга 500дөн ашуун адам келген. Балыкчы шаарында 500дөй, Караколдо 500дөн ашуун адам. Ысык-Көл облусу боюнча 1 миңдей адам акцияга катышкан. Нарын шаарында 300дөн ашуун, Кочкор айылында 400гө чукул адам катышкан. Жалпы облус боюнча 700дөй адам катышкан.
Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында 300, Ысык-Ата районунун Кант шаарында 2 миң 500дөй, Кара-Балта шаарынын драмтеатрында 300, Токмок шаарында 100, Сокулукта 1 миң 200, Москва районунда 1 миңге чукул адам катышкан. Чүй облусу боюнча 5 миң 400 адам болгон. Бишкекте М.Горькийдин эстелигинин жанындагы митингге 4 миңге чукул адам катышкан. “Кылым шамы” укуктук борборунун байкоочулары митингге катышкандар тарабынан тартип бузуу катталбаганын, Бишкектеги акция учурунда тартип коргоо кызматкерлери тарабынан митингге чыккандардын укугу бузулбаганын билдирди. Бишкекте өткөн митингге карата атайын даярдыктагы күч структураларынын кызматы, атчандар отряды жана үйрөтүлгөн 20 ит тартылганын аталган уюмдун байкоочулары аныктаган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG