Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Пакистанда террордук чабуулдун себептери иликтенүүдө


Пакистанда 50 адамдын өмүрүн алган жана ондогон кишини жарадар кылган кол салуунун себептери иликтенүүдө. Жума күнү Пакистандын Ооганстан менен тогошкон чек арасынын жанындагы Жамруд шаарындагы мечитте бир жанкечти өзүн жардырып жиберген. Бул чабуул - жыл башынан берки эң ири террордук чабуул болуп калды. Бийлик өкүлдөрүнүн жоромолунда, жоочулар бул чабуул менен жакында эле Ооганстандагы эл аралык коалициянын жүктөрүнө кол салган согушкерлерге каршы уюштурулган аскердик өнөктүк үчүн өч алуу аракетин жасаган болушу мүмкүн. Террордук чабуулду иликтөө иштери улантылууда.

XS
SM
MD
LG