Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

АКШда "Бакиевсиз шайлоого” аттуу митинг өттү


27-мартта Вашингтон шаарындагы АКШдагы Кыргыз элчилигинин алдына отуздан ашуун кыргызстандык жараандар нааразычылык митингин өткөрүштү. Катышуучулар АКШдагы саясий оппозициянын өкүлдөрү, "Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрү, студенттер, Филадельфия, Нью Йорк шаарларында иштеген кыргызстандык жарандар болушту. Алар "Демократиянын мекени коркунучта", "Диктаторлукка жол жок", "Бакиев саясий террорду токтот", "Ойгон Кыргызстан", "Бакиев кызматтан кетсин", "Массалык маалымат каражаттарына бирдей укук", "Бакиевсиз таза шайлоого", "АКШнын базасы чыгарылды, эми кезек демократияда" деген сыяктуу кыргыз, англис, орус тилиндеги көрнөктөрдү кармап турушту. Ал эми Кыргызстандын АКШдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Арслан Анарбаев көчөдө чогулгандар менен учурашып: “Мен дагы биздин элчиликтин башка өкүлдөрүндөй эле мекендештердин, жердештерибиздин өз нааразычылык оюн, каршылыгын билдирүү укуктарын сыйлайм. Элчилик болсо оппозициянын Бишкектеги митингинде койгон талаптары менен тааныш”, - деген оюн "Азаттыкка" билдирди.
(ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG