Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Өкмөттүн 2008-жылкы ишмердүүлүгү парламентте каралат


Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргенине караганда, келээрки аптада парламенттин Билим берүү, маданият жана маалымат комитети өкмөттүн аткарган иштери тууралуу жылдык отчетун кабыл алат. Анда билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев, маданият жана маалымат министри Султан Раев жана кесиптик техникалык билим берүү агенттигинин директору Нурлан Аскаровдор баяндамасы менен чыгышмакчы. Ошондой эле аталган комитетте “Мугалимдин статусу тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору да каралат. Бул долбоор боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков демилгечи катары маалымат берет деп күтүлүүдө.(ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG