Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Черногорияда бүгүн мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өтүүдө


Сурамжылоолорго ылайык, добуш берүүдө өлкөнүн премьер-министри Мило Жуканович башында турган “Европалык Черногория” аттуу коалиция жеңип чыгып, дагы төрт жыл бийликте болушу ыктымал. Өкмөт башында 20 жылдан бери болгон Жуканович мурдагы парламенттин иш мөөнөтү бүтөөрүнө 18 ай калганда эрте шайлоо өткөрүүгө чакырган. Бул шайлоо менен Жуканович Черногорияны Евробиримдик жана НАТОнун курамына алып бара турган реформаларды өткөрүү үчүн калктын колдоосун алгысы келерин буга чейин айткан. 2006-жылы Сербиядан бөлүнгөн Черногориянын калкы учурда оор экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG