Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

1-апрелде электр кубатына баа көтөрүлбөйт


Бул тууралуу Өнөр жай, отун министрлигинин отун-энергетиканы жөнгө салуучу департаменттин директору Эркин Абдыкалыков билдирди. Анын айтымында, тарифтик саясат боюнча бир жылда бир жолу электр кубатына бааны көтөрүү маселеси каралат. “Биз тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушубузду өкмөткө жолдодук. Өкмөт бул маселени тыкат иликтеп чыгып чечим кабыл алгандан кийин электр кубатына баа канчага кымбаттаганы маалым болот”,-деп билдирди Абдыкалыков. Учурда электр кубатынын баасы өлкө жарандары үчүн 0,7 сом, өнөр жай жана айыл чарба ишканаларына 0,96 сом, бюджеттик мекемелерге 1 сом, коммерциялык ишканаларга жана коомдук уюмдарга 1,2 сом. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG