Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Оштогу ишкерлер бийликке кайрылуу жолдошту


Оштогу маалымат жыйынында 15 ишкер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Даврон Сабиров уулу Умар менен Түштүк Кореянын жарандары менен биргелешкен ишкана уюштуруп, ага жергиликтүү тың жигиттерди тартышкандыгын, бирок машина бизнеси нугуна түшүп баратканда ата-бала шериктерин 300 миң долларга алдап кетишкендигин жарыя кылышты. Ошол себептүү ишкерлер бийликке кайрылып, чукул арада карызын өндүрүүгө көмөктөшүүнү жана Сабировдорду жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Умар Сабировду таппай, анын жактоочусу Бахадыр Расахаджаев менен байланышканыбызда, мурунку депутаттын уулунун үстүнөн алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун, учурда тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу эч нерсе айталбастыгын билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG