Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Казакстанда экс-министр камалды


Казакстандын финансы полициясы Айлана чөйрөнү коргоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Нурлан Искаковду камакка алды. Экс-министр 6,2 миллион доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик акчаны өз максатында пайдаланган деп шектелүүдө. Февралдын этегинде жана марттын башында ошол эле мекеменин эки вице-министри Алжан Бралиев жана Зейнула Сарсенбаев камакка алынган. Сарсенбаевдин баш коргоо чарасы кийин өзгөртүлүп, ал үй камагында кала берүүдө. Бралиевдин жубайы "Азаттыкка" билдиргендей, анын күйөөсүн сотко чейин бошоттуруу аракетинен майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG