Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

БЭКтин митингдеги талабы президенттик администрацияга кечээ берилди


“Бирдиктүү элдик кыймылдын 27-марттагы митингде кабыл алынган талаптары президенттик администрацияга кечээ кечинде келди деген маалымат бар. Бирок аларды кагаз жүзүндө ала элекбиз”,- деп билдирди президенттик катчылыктын эксперти Илим Карыпбеков “Азаттыктын” таңкы маегинде. Анын айтымында, оппозициянын койгон талаптарынын ар бирине бийлик тарап жөн гана жооп бербестен, тыкат талдап туруп, обьективдүү жоопторду берүүгө жана жүйөөлүү талаптарды эске алуу менен иш аракет болот. “Эгерде ультиматумдук, шантаж түрүндөгү жана такыр аткарылгыс талаптар болсо, аларды аткарууга мүмкүн эмес”,-дейт Карыпбеков. 27-марттагы митингде оппозиция бийликке алдыдагы президенттик шайлоону акыйкат, таза өткөрүү, БШКнын мүчөлөрүнүн, күч органдарынын жетекчилеринин, УТРК менен ЭлТРдын байкоочулар кеңешинин жарымын оппозиция өкүлдөрү түзсүн, саясий куугунтук токтотулсун деген талаптарды койгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG