Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Гаагада бүгүн Ооганстан боюнча эл аралык конференция өтөт


Ооганстанда коопсуздук жана стабилдүүлүк орнотуу, ошондой эле бул өлкөгө карата эл аралык милдеттемелерди жаңылоо максатында уюштурулуп жаткан бир күндүк жыйынга 80ден ашуун өлкөнүн жана уюмдардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Конференцияга башка өлкөлөр менен катар Иран да чакыртылган. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жыйынды утурлай конференция учурунда Тегерандан келген делегаттар менен кездешүү планы жоктугун, бирок Иран чек арада коопсуздук орнотууга жана маң заттарын соодалоого каршы күрөштө жардам убада кыларына үмүттөнөрүн билдирди.
Хиллари Клинтон президент Барак Обаманын администрациясынын ирандык расмий өкүлдөр менен бир столдо отуруучу эң жогорку даражалуу өкүлү болот.
АКШ Мамлекеттик катчысы Гаагадагы жыйындын катышуучуларына президент Барак Обаманын Ооганстан менен Пакистанда “ал-Каиаданы” жеңүүгө багытталган жаңы стратегиясы жана Вашингтондун Оганстанга кошумча 21 миң жоокер жөнөтүү пландары туралуу айтып берери күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG