Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү аракети жасалууда


Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Азимжан Ибраимовдун билдирүүсүнө караганда, өзгөртүүлөрдө мамлекеттик тилди бардык деңгээлдеги жетекчилердин билиши талап кылынат, мыйзамдагы расмий, башка тилдер жөнүндөгү жоболорду, “же” байламтасын алып салуу сунушталат. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тил комиссиясынын ыйгарым-укуктарын күчөтүү жагы каралган. Мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралат. Долбоордун демилгечилеринин бири Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев. Комитет жыйынында ошондой эле “Коомдук палатанын ыйгарым-укуктары жана иш тартиби жөнүндөгү” мыйзам долбоору да каралмакчы.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG