Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Британ аскерлери Ирактан чыгарылууда


Алар Ирактан чыгууну расмий түрдө бүгүн баштаары күтүлүүдө. Мындан улам Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында жайгашкан коалициялык базада Британиянын желеги түшүрүлүп, көзөмөл америкалык күчтөргө өткөрүлүп берилет. Ирак менен былтыр кол коюлган келишимге ылайык, ал жерде азыр турган британиялык 4100 жоокер Ирактан чыгуусун июль айына карата аяктоосу керек.

2003-жылдын мартында Иракка кол салынганда Британия АКШнын чечүүчү өнөктөшү болгон. Анда премьер-министрдин кызматында Тони Блэр турган эле. Ошол мезгилде Иракта 46 миңдей британ жоокери жайгаштырылган. Британия Ирак согушу учурунда 180 аскер кызматчысын жоготту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG