Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Президентке сегиз өлкөнүн элчилери ишеним грамотасын тапшырды


Бүгүн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиевге Мексика элчиси Артуро Эрнандес-Басаве, Египет элчиси Абдалла Омар Альарноси, Грекия элчиси Евангелос Денаксас, Венгрия элчиси Янош Балла, Израиль элчиси Израэль Мей ами, Швейцария элчиси Анн Ботти, Кытай элчиси Ван Кайвэнь ишеним грамотасын тапшырды. Грамота тапшыруу аземинин алдында сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев Кыргызстан бул өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташууларды күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирип, элчилердин ишине ийгилик каалады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG