Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Нарында карышкырлар 2 миллион сомдук зыян келтирди


31-мартка карата жыл башынан бери Нарын облусунун аймагынан 83 карышкыр, 33 чөө атылды. Үч айда 16 уй, 14 топоз, 79 жылкы жана 200 кой-эчки карышкыр-чөөлөргө жем болгон. Келтирилген зыян 2 миллион 35 миң сомду түзөт. Мындай маалыматты облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Нарынбек Карыбеков билдирди. Бирок атылган карышкырлардын терилеринин мамлекетке өткөрүлүшү абдан төмөн. Өлкөнүн аңчылыкты көзөмөлдөө жана жөнгө салуу департаментинин Нарын облусу боюнча өкүлү Дүйшөнбек Мамбетов атылган 83 карышкырдын тогузунун, 33 чөөнүн бирөөсүнүн гана терилери кабыл алынгандыгын маалымдап, өткөн жылда 245 карышкыр атылса, 75 карышкыр териси мамлекетке өткөрүлгөндүгүн кошумчалады. (KUs)

XS
SM
MD
LG