Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:25

Бүгүн АКШ президентинин Европадагы сегиз күндүк иш сапары башталууда


Бул - АКШ президенти Барак Обаманын өлкө башчысы катары Европага алгачкы жолу келиши. Европадагы сегиз күндүк иш-сапары учурунда Обама беш өлкөдө болот. Анын иш-сапары Лондондо башталып, 2-апрель күнү АКШ президенти «Чоң жыйырмалыкка» кирген өлкөлөр саммитине катышып, дүйнөлүк кризисти жеңүү жолдорун талкуулайт. Ошондой эле ал Лондондо Орусия менен Кытайдын президенттери менен жолугушмакчы. 3-4-апрелде ал Франция менен Германиянын аймагында өтө турган НАТОнун 60 жылдыгын арналган салтанаттарга катышмакчы. 5-апрелде Обама Чехиянын борбору Прагага келип, АКШ менен Европа биримдигинин жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат. АКШ президенти соңунда НАТОго мүчө мусулман өлкөсү болгон Түркияда эки күндүк иш-сапары менен болуп, Европаны кыдыруусун аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG