Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Х.Клинтон зомбулукту колдобогон талиптер менен элдешүү оюн жактады


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ооганстандагы талиптердин экстремизмге каршы чыккан өкүлдөрүн татыктуу түрдө урамт көрсөтүү менен элдешүүгө чакыруу керек деп Гаагадагы жыйында билдирди. Клинтон айым Ооганстандагы кырдаалды жакшыртуу боюнча АКШ өкмөтүнүн жаңы стратегиясы тууралуу азын-оолак айтып берди.

Гаагада өтүп жаткан Ооганстан маселесине арналган бир күндүк жыйында ооган лидери Хамид Карзай коңшуларын террорчулукка каршы күрөшкө чын ыкластан көмөктөшүүгө чакырды.

Жыйынды ачкан Хамид Карзай мындай чакырыгын коңшулары Пакистан менен Иранга карата айтты. Жыйынга сексенден ашуун өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын 700 ашуун өкүлдөрү катышууда. Гаагадагы Иран делегациясын баштап жүргөн Тышкы иштер министринин орун басары Мохаммед Мехди Ахунзаденин пикиринде, Ооганстандагы чет элдик аскерлер аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кыла алышпайт. Эскерте кетсек, быйыл Ооганстандагы террорчу топторду жок кылуу үчүн АКШ 21 миң кошумча аскер жөнөтмөй болууда. Ал аскерлер келген маалда ооган жериндеги АКШ аскерлеринин саны 60 миңге жетип калмакчы. Бер\\б\здщ бул жыйын тууралуу кеңири токтоло кетмекчибиз.

Британия бүгүн ырасмий түрдө Ирактагы аскерлерин чыгара баштады
Ирактын түштүгүндөгү Басрада жайгашкан британ аскерий базасы эми АКШ күчтөрүнүн көзөмөлүнө өтүүдө. Өткөн жылы Ирак бийликтери менен түзүлгөн келишим боюнча ушул жылдын июль айына чейин Британиянын 4 миң 100 аскери өлкөдөн толук чыгарылышы керек. 2003-жылдын март айында АКШ аскерлери Иракка кирген кезде Британия анын негизги өнөктөшү болгон эле. Анда Иракка 46 миң чамалуу чет элдик жоокерлер киргизилип, алардын жүз сексени согуштук иш-чаралар учурунда набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG