Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Эл жана турак-жайды каттоодон калктын 74 пайыздан көбү өттү


Бул тууралуу Улуттук статисткалык комитеттин төрагасы Орозмат Абдыкалыков “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкө калкынын 3 млн. 978 миң 500ү каттоодон өтүп, планга ылайык бул иш чара 2-апрелде соңуна чыгат. “Элибиздин санынын өскөнүн, канча турак-жай бар экендигин мамлекет билиши керек. Каттоонун жыйынтыгына таянып мамлекет экономикалык жана социалдык саясатын аныктап, өнүгүү программасын түзүүсү үчүн өтө маанилүү”,-дейт Абдыкалыков. Эл жана турак-жай каттоонун жыйынтыгы каттоо бүткөндөн кийин эки айдан кийин чыгышы күтүлүүдө. Эл каттоочулардын саны 13 миңден ашуун Эл жана турак-жайды каттоо үчүн бүджеттен 127 млн. сом каражат каралган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG