Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду


Кечээ президент Курманбек Бакиев «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Кол коюлган мыйзам менен чарбалык жана тышкы экономикалык иш жүргүзгөн субьекттер катары аныкталган эркин экономикалык зоналарынын (ЭЭЗнын) субьекттердин аймагынын чегинде жайгашкан жер участкаларына карата мүлккө салыкты жана жер салыгын төлөөчүлөр болуп саналбай тургандыгы белгиленген.Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.Эскерте кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жыл башынан ишке киргизилген Салык кодексинин жаңы эрежеси коомчулукта кайчы-пикирлерди пайда кылып, мүлккө жана жер салыгына, патент төлөмдөргө нааразылыктарды жараткан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG