Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

АКШ президенти Европадагы сапарын баштады


Барак Обама кечээ кечинде Британияга келди. Бул - анын мамлекет башчысынын кызматына киришкенден кийин Атлантиканын берки өйүзүнө алгачкы сапары. Сегиз күндүн аралыгында Обама беш өлкөдө болот.
Ал эртең Лондондо Чоң жыйырмалыктын глобалдык экономикадагы кризистен чыгуу жолдорун талкуулаган саммитине катышат. Британ башкааласында Барак Обама ошондой эле Орусиянын жана Кытайдын лидерлери менен кездешмекчи.
Ал эми 3-4-апрель күндөрү АКШ президенти НАТОнун алтымыш жылдык, мааракелик саммитинде болот. Жыйын Франциянын Страсбург, Германиянын Кельн шаарларында өтмөкчү.
5-апрелде болсо Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Чехияда АКШ-Евробиримдик саммити өтөт. Андан соң Барак Обама эки күндүк сапар менен Түркияга барат. Түркия – АКШнын НАТО боюнча маанилүү өнөктөшү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG