Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Казакстан бузулган эттин Кыргызстандан ташылып өткөнүн айтып жатат


Казакстандын КТК телеканалы бузулган эт мыйзамсыз жол менен Кыргызстандан өткөн деген маалыматты тараткан. Маалыматка караганда, Кыргызстанда мал уурдалып союлуп, текшерүүдө уурдалган уйдун жана койдун эти бузулуп кеткендиги аныкталган. Ошондой эле “Кордай” бажысында дээрлик бардык күнү этти мыйзамсыз ташыгандар кармалары айтылган. “Жеңил машине менен беш тоннага чейин эт ташып өткөндөр кармалат. Аларда эч кандай санитардык көзөмөл кызматынын алынган уруксаты жок. Текшерүүдө алар оорукчан малдын эти болуп чыгат. Бул казакстандык сатып алуучуларды өлүмгө алып келиши ыктымал”, - деп айтылган кабарда. Ошондой эле маалыматта Кыргызстандан эт ташууга тыюу салынганы айтылган. Кыргызстандын санэпидкөзөмөл департаментинен бул маселени тастыктаган же төгүндөгөн маалымат алууга мүмкүн боло элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG