Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Кыргызстан кумшекерге болгон талапты толук канааттандыра алат


“Кайыңды кант” жана “Кошой” АКлары өндүргөн кант Кыргызстандагы кумшекерге болгон талапты толук канааттандыра алат. Бул маселе биринчи премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги астында өткөн өкмөттүк жыйында талкууланды. Анда кант өндүргөн ишканаларды калыбына келтирүү үчүн ушул жылы кант кызылчасын айдоого зарыл болгон аянт менен камсыз кылуу маселесе каралды. Ө. Бабанов ал үчүн Чүй жана Талас областтарындагы ар бир райондун реалдуу мүмкүнчулүктөрүн карап жана тактап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Жыйында маалым болгондой, 8 миң гектар аянтка кызылча айдоо 20-25 миң адамды жумушчу орун менен камсыз кылат жана “Кайыңды-Кант» менен «Кошой» акционердик коомдору 750-760 тонна кант кызылчасын кайра иштетсе болот. Бул республикадагы калкты толук бойдон шекер менен камсыз кылууга жарайт. Буга чейин адистер кумшекердин 100% сырттан алынып келишин өкмөттүн жана жалпы мамлекеттик саясаттын жоктугу деп баалап жатышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG