Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Жалал-Абат базарындагылар митингге чыгууну болжошууда


Шаардын борбордук базарында иштеген 27 адам бүгүнтөн тарта үй-бүлөсү менен мөөнөтсүз акцияга чыгаарын билдиришти. Ушундай кайрылууну 1-апрелде губернатор менен шаар башчыга жана шаар прокурору менен Улуттук коопсуздук комитетинин облустагы башкармасына жолдошту. Алар жумуш орундарын тартып алууга аракеттенген базар ээсин жоопко тартып, ага караштуу делген соода жайларынын мыйзамдуулугун текшерүүнү, конституциялык жана жашоого, эмгектенүүгө болгон укуктарын коргоону талап кылышмакчы. Кайрылууда митинг аталган талаптар аткарылгыча улантылааары көрсөтүлгөн. 7-апрелде болуучу соттун чечимин күтпөстөн базар ээси алардын орун жайларына бүгүн түнү шагыл жана башка курулуш материалдарын төгүп салганын, 31-мартта анын өкүлү мас абалында үч аял менен келип улут бөлүштүргөнү жазылган кайрылууда. (YA)

XS
SM
MD
LG