Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил боюнча катуу сынактан өтөт


Бул тууралуу президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилде сынак берүү боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов билдирди. Анын айтымында, президенттик кызматка талапкер үч барактан турган өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кат жүзүндө баяндайт, ал программадагы негизги мазмуну тууралуу 15 минут аралыгында ооз эки айтып берет, көлөмү 3 барактан турган тексти окуйт. Кечээ (1-апрелде) президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилде сынак берүү боюнча улуттук комиссиясы түзүлүп, анын курамына Кыргыз тил комиссиясынын жетекчиси Ташбоо Жумагулов, филология илимдеринин доктору Замира Дербишева, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин проректору Үмүт Култаева жана башка окумуштуулар, кыргыз тил мугалимдери кирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG