Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Казакстан мамлекеттик компаниялардын орундарын,айлык акыны кыскаратат


Казак өкмөтү мамлекеттик компаниялардагы иш орундары массалык түрдө кыскарарын кечээ жарыялады жана мындай чара каржылык кризистин шартында чыгымдарды азайтуу аракетинде жасалууда. Ошондой эле жыл аяггына чейин мамлекеттик компанияларга жаңы кызматчыларды алуу да токтотулат. Премьер-министр Карим Масимовдун айтымында, мамлекетик Самрук –Казына холдинги жумушчу күчүнүн жарымын кыскартат. Курамына Казмунайгаз, Казатомпром, улуттук авиа жана темир-жол компаниясы, почта кызматы, инвестициялык бир нече фирма кирген бул холдинг ошондой эле кызматчыларынын айлык акысын да 15%га азайтат.

XS
SM
MD
LG