Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Билим берүү министрлиги ЖОЖдорго тапшырма берди


Бүгүн ЖОЖдордун жетекчилери менен министрликте жолугушуу өттү. Анда учурда өлкөдө бюджеттин эсебинен каржыланган элүү төрт ЖОЖдун иш алып барышы мамлекет үчүн ашыкча жүк болуп жатканы белгиленди. Жолугушууну алып барган билим берүү министринин орун басары Борис Кубаев билим берүүнүн сапатын арттыруу тууралуу ректорлорго талап койду. Мындан тышкары ал ЖОЖдордогу коррупцияны жою тапшырмасын берип, Кыргызстанда билим алууга чет өлкөлүк жаштарды кызыктыруу үчүн ар бир ЖОЖду маалыматтык буклеттерди даярдоого милдеттендирди. Министрдин орун басары ректорлордун эмки жыйынын 22-июнга белгиледи. (EK)

XS
SM
MD
LG