Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Балдар үчүн беш инфекциянын алдын алуу үчүн жаңы вакцина киргизилди


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сабыржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, жаңы вакцина Индиядан алынып келди. Ал балдарды бир эле убакта беш инфекциядан коргой алат. Азыр Кыргызстанга Вакцина жана иммундоо глобалдык альянсынын көмөгүндө бул вакцинанын 420 миң дозасы алынып келинди. Аны бир жашка толгон балдарга ич өткөк, безгек өңдүү оорулардын алдын алуу үчүн 3 жолудан киргизүү зарыл. Коопсуздук үчүн вакцина текшерүүлөрдөн өтүп, Дүйнөлүк саламаттык уюму тарабынан сунушталган. (EK)

XS
SM
MD
LG