Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Ысык-Көлгө казакстандык туристтерди тартуу үчүн комплекстүү даярдык башталды


Ысык-Көл райондук акиминин орунбасары Роза Кайыкова быйылкы кризистен улам казакстандагылар Анталия жана башка алыскы өлкөлөргө эмес Ысык-Көлгө эс алаары дайын болгонун белгиледи. Ошондуктан апрелдин ортосунда Алматы шаарында өтө турган туристтик жарманкеге мурдагыдай пансионаттар эле эмес, эми комплекстүү даярдык менен бармай болушту. Ал жактагы туристтерди өзүнө тартуу үчүн көлдүктөр бир күнгө эмес, 3 күнгө ыр, күү, бийчилер менен барып, кыргыз маданиятын кеңири чагылдырат. Ал эми Ысык-Көлдөгү май айында боло турган эл аралык туристтик жарманке да бир ай эрте - апрелге белгиленди. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG