Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Бириккен Улуттар уюму оогандык жаңы мыйзамга камтамасын билдирди


Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жетекчиси Ооганстандагы шийи мусулмандарга байланыштуу жаңы мыйзамга тынчсыздануусун билдирди. Аял укуктары маселеси да камтыган бул мыйзам ооган парламенти тарабынан кабыл алынган жана ушул айдын башында президент Хамид Карзай ага кол койгон. Кабарларга караганда, мыйзамга ылайык, шийи аялдарга күйөөсүнүн уруксаты болмоюн көчөгө жалгыз чыгууга тыюу салынат жана аялды күйөөсүнүн зордошуна уруксат берилет. Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллэйдин айтымында, бул мыйзам калпыс багытка карай ири кадам болуп калмакчы жана 1990-жылдардагы талиптердин одоно мыйзамдарын эске салат. Ооганстанда шийилер калктын дээрлик 10 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG