Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:27

Кремл Грузиянын президентин кайрадан айыптады


Расмий Кремл грузин президенти Михаил Саакашвилини өткөн жылкы Орусия менен Грузиянын ортосундагы согуштан кийин “Кавказда өч алуунун айласын издеп жатат” деп айыптады. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Андрей Нестеренко Саакашвилинин ушул аптада америкалык генерал менен жолугушууда “Грузиянын куралдуу күчтөрүн мында да кубаттуу кылам” деген билдирүүсүнө шилтеме жасап, “расмий Тбилиси согуштан сабак алган жок жана өч алуунун айласын издеп жатат” деп билдирди. Дүйшөмбү күнү Михаил Саакашвили АКШнын штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрага орун басары Жеймс Картрайт менен өткөргөн маалымат жыйынында Орусия менен өз ара мамилелери чыңалган бойдон кала берип жаткан шартта Тбилиси куралдуу күчтөрүн андан ары чыңдоо максатын көздөп жатканын айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG