Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

НАТОнун маарекелик саммити уюмдун вазийпасын тактайт


Франция. Страсбургдагы Конгресстер борборунун имаратына НАТОнун саммитин утурлай жумушчулар АКШнын желегин илишүүдө, 2-апрель 2009
Франция. Страсбургдагы Конгресстер борборунун имаратына НАТОнун саммитин утурлай жумушчулар АКШнын желегин илишүүдө, 2-апрель 2009

Жума-ишемби күндөрү НАТОго мүчө 28 өлкөнүн лидерлери альянстын 60 жылдык мааракесин белгилешет. Германиянын Кел жана Франциянын Страсбург шаарларында өтчү жыйында уюмдун алдындагы милдеттер, анын ичинде НАТОнун Ооганстандагы вазийпаси жана Россия менен мамилени калыбына келтирүү маселели талкууланат.

НАТОнун 60-жылдыгына арналган саммит баарынан мурда анын вазийпасын жаңы саясый кырдаалга байланыштуу карап көрүүгө тийиш. Жыйын катышуучулары НАТОнун мүдөөсү жана баалуулуктары жөнүндө уюмдун эң чоң мүчөсү- АКШ президенти Барак Обаманын өз оозунан угушат.

Эки күндүк саммит НАТОнун жаңы стратегиясынын концепциясын же миссиясын талкуулоо менен башталат. Азыркы “Евроцентристтик” концепция 1999-жылы кабыл алынган.

Жаңы концепция НАТОнун мүчөлөрүн коргоо жөнүндөгү баштапкы миссиясы менен 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин Ооганстанга чейин жайылган вазийпасын айкалыштыруусу керек. Анткени Барак Обама бийликке келгенден тарта ырасмий Вашингтон- Ооганстан менен Пакистандагы “ал-Каидачыларды” жок кылуу-АКШнын тышкы саясатынындагы эң маанилүү маселе экенин ачык айтып жүрөт.

Аны жүзөгө ашыруу максатында Вашингтон Ооганстанга дагы 21 миң аскер жөнөтмөкчү жана европалык союздаштарын да кошумча күч жиберүүгө үндөгөн. Буга НАТОнун европалык мүчөлөрү мааракеде эмне деп жооп берет? Ошон үчүн, лондондук серепчи Бастиан Гигерич баамдагандай, НАТОнун Ооганстандагы миссиясы уюмдун максаттарын айкындоочу тараза жай болот:

-Чынында эле Ооганстан альянстын алдындагы проблемалардын көбүн иргейт деп ойлом. Менимче, жамааттык коргонуу менен кризисти башкаруудан тартып, НАТО-Россия арасындагы байланыш боюнча туура балансты табуу-альянс үчүн негизги маселе. Анын ичинен Ооганстан баарынан манилүүсү деп ойлойм.

Бастиан Гигерич- Коопсуздукту иликтөө боюнча Лондондогу эл аралык институтунун талдоочусу.

Саммит алдындагы экинчи чоң маселе-Россияга байланыштуу. Себеби августа Россия Грузияга согуш ачканына шылтап, НАТОнун Чыгыш европалык мүчөлөрү Россия кол салышы ыктымал дешип, уюмдун коргонуу планын иштеп чыгууну талап кылышууда.

Ошол эле мезгилде, НАТО жети айлык тыныгуудан кийин Москва менен дипломаттык алканы толук калыбына келтирди. Муну АКШ колдоду. Обаманын сөзү менен айтканда, ал Россия менен байланышка жаңы дем берүүнү каалайт. Жаңы мамиле, АКШнын мерчеминде, Россияны Ирандын ядролук дымагын ооздуктоодо маанилүү өнөктөшкө айлантат.

Мааракелик саммит алдында, ошондой эле, НАТОго кайра кошулган Францияны уюмдун командалык структурасына киргизүү, ал үчүн француз генералдарына татыктуу кызмат орундарын түзүү милдети турат.

XS
SM
MD
LG