Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

СД фракциясы президент менен өкмөткө кайрылуу жолдошту


Анда Кадамжай сурма комбинатынын учурдагы оор абалы белгиленип, ага тиешелүү социалдык обьектилердин сатылышына байланыштуу маселени бийликтен тез арада чечүү талабы коюлган. Билдирүүдө, базар баасы 84 млн. сомду түзгөн “Жийделик эс алуу аймагы” Мамлекеттик мүлк комитетинин Ош-Жалал-абад-Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 1 млн. 212 миң сомго бааланып аукционго коюлганы айтылат. “Кадамжай сурма комбинатынын” ардагерлери жана жумушчулары аталган эс алуу жайынын сатылышына каршы болушуп, президентке, премьер-министрге, мамлекеттик мүлк комитетине кайрылышкан. Бирок алардын өтүнүчү жоопсуз калган. СД фракциясы дагы бул маселени оң жагына чечип берүү өтүнүчү менен президентке, премьер-министрге кайрылышып, бирок бийлик башчыларынан эч кандай жооп алышпаганы айтылат билдирүүдө. СД фракциясы дагы бир жолу бийликке кайрылуу жолдоп, Кадамжай сурма комбинатынын социалдык обьектилерин сатууну токтотуу талабын койду. (AJ)

XS
SM
MD
LG