Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Өзбекстандык үч өспүрүм Кыргызстанда барымтага алынган эмес


Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы Лутфилла Рахматтиллаев өзбекстандык үч өспүрүм баланын Кыргызстандын аймагында барымтага алынганы жөнүндө uznews.net сайтында жарыяланган кабарды төгүндөдү. Анын “Азаттыкка” айтымында, 2-апрелде түн жарымында Өзбекстандын Гулифор айылынан үч өспүрүм бала Халмион базарынын ичинде жүргөн жеринде кароолдор тарабынан кармалып, эмне максатта жүргөндүгү такталган. Түн ичинде базарга кирүүгө уруксат жок экендиги эскертилип, ошол замат эле үйлөрүнө жиберилген. Баткен облустук ички иштер башкармалыгына бул окуя боюнча арызданып эч ким кайрылган эмес. (JsA)

XS
SM
MD
LG